www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин бүгүнкү, 5-июндагы отурумунда депутат Искандер Гайпкулов Жогорку Нарын ГЭС каскады тууралуу маселени көтөрдү.
“37 млн. доллар боюнча түзүлгөн өкмөттөр аралык комиссиянын иши кандай жүрүп жатат? Учурда жаңы инвесторлорду таптыңыздарбы?”-деген суроо салды депутат. Өкмөт өкүлү азырынча конкреттүү бир инвесторго токтолуша электигин билдирди. “2-3 өлкөдөн инвесторлор келген. Азыр алардын каржылык мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз. Ал эми Россия менен биргеликте инвестор тартуу тууралуу сүйлөшүү жүргөн. Эгерде жаңы келген инвестор Россияга 37 млн доллар төлөп берсе, Россия арызын кайтарып алат”,-деди өкмөт өкүлү. Өз кезегинде депутат: “Россия менен ушундай өңүттө сүйлөшүү жүрсө, демек Кыргызстан 37 млн долларды карыз катары мойнуна алды дегенди билдиреби?”-деди.
Бирок өкмөт өкүлү бул тууралуу маалыматы жок экенин айтты. “Силер эл аралык аудит жүргүзбөй туруп эле кантип иш алпарып жатасыңар? Алгач баары текшерилип, андан кийин гана аудиттин жыйынтыгы менен Россия менен сүйлөшүшүңөр керек эле го. Аудит жүргүзмөйүнчө инвестор келбейт да. Мен өкмөттөр аралык комиссиянын Москвадагы акыркы сүйлөшүүлөрү кандай жүргөнүн билем. Россия тарап силердин сунушуңарды кабыл албай койгон да”,-деди Гайпкулов.
Ошондой эле эл өкүлү «Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө» токтомунун аткарылышы канааттандырарлык эмес экенин билдирди.
Булак: NazarNews.kg