www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттин бүгүнкү сессиясынын күн тартибине Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын 2017-жылы аткарылган иштер тууралуу маалыматын угуу маселеси киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Токбаева майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде маалымат берген. Жыйында депутаттар тармакта коррупция дагы эле бар экенин, соттордун ишине, сот чечимдерине карата элдин нааразылыгы көп болуп жатканын, реформанын ишке ашпаганын айтып, сынга алышкан. Бир катар саясатчыларга, журналисттерге, оппозиция өкүлдөрүнө карата чыгарылган сот чечимдерине нааразы пикирлер айтылган. Жыйынтыгында Жогорку соттун 2017-жылдагы иши боюнча маалыматын эске алуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Бишкек Жылуулук электр борборуна байланышкан маселени талкуулоо көп убакытка созулуп кеткендиктен, Жогорку сот төрайымынын парламенттин жалпы сессиясындагы отчету улам артка жылып келген.
Булак: NazarNews.kg