www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубанычбек Жумалиев 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Пакистандын Кыргыз өлкөсүнүн медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча ТИМ нота жөнөтүш керек экенин айтты.
«2-октябрь күнү Пакистандын медициналык кеңеши Кыргыз мамлекетиндеги медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизди деп жарыяланган. Тышкы иштер министрлигине кат жаздым.
Пакистандын медициналык кеңешмесинин мамилеси Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишүү деп эсептейм. Ошондуктан Тышкы иштер министрлиги тез аранын ичинде Пакистандын өкмөтүнө, парламентине нота жөнөтүшү керек.
Кыргыз мамлекетинин 18 медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизгени менен дүйнө жүзүнө уят кылды», - дейт ал.
Булак: "Азчык саясат плюс" гезити