www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад областтык милиция башчысы Кылыч Жолдошев кызматтан кетиши керек. Эски бийликке эбегейсиз кызмат кылып, оппозицияны муунтууга зор салым кошкон неме.
Эске салсак, 2018-жылы 30-мартта СДПК партиясынын Жалал-Абад областтык конференциясын чагылдырууга барган журналисттердин ишмердүүлүгүнө жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан тоскоолдуктар болгон.
Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев тарабынан даярдалган провокациянын айынан бир топ эле басым болгон. Кечки тамактануу үчүн ашканада отурган "Ачык саясат плюс" жана "Ачык сөз" гезитинин кызматкерлерине төрт аксакал адамды жана бир аялды жиберишкен.
Алар ач айкырык салып, ашканага чейин кирип келишип, кадыр-баркына доо кетирген, региондор аралык чагымды козуткан сөздөр менен тамактануучу жайдан кууп чыгышкан. Бул боюнча Сузак райондук милициясына арыз жазылып, аудио-видеолор, түшүнүк каттар берилген.
Бирок тергөө иштери бурмаланып, Жолдошевдин кийлигишүүсү менен кылмыш иши козголгон эмес. Мына ушундай, сөз эркиндигине каршы, журналисттердин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жасаган провокатор жетекчилер токтоосуз кызматтан алынышы керек. Антпесе Кыргызстанда эч качан мыйзамдуулук орнобойт.
Булак: "Ачык саясат плюс" гезити