www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттик шайлоо маалында Каракол шаарынын көчөлөрүнүн биринде "ТОША" аттуу каймана аты менен белгилүү бандиттин сүрөтү бакыйып илинип турганын көргөн көлдүктөр редакцияга шашылыш кабар беришкен.
Ал "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка аттанганы белгилүү. Көлдүктөр бул ысымды дээрлик баары билишет. Айрыкча, Түп, Ак-Суу районундагы маселенин баарына башын тыгаары айтылууда.
Учурда Каракол шаарынын шаардык кеңешинин депутаты, тээ илгертен бери эле кылмыш дүйнөсүнөн кете элек экен. Маалында Түп районунун карагайларын сатып курутканы айтылса, Каракол шаарындагы жолдорду реконструкциялоо боюнча тендерди көзөмөлдөөрү айтылат.
Жакында эле бир депутатты сабап салган. Ушул ыкма менен башка депутаттарга басым кылып, алы келбей баратса Камчынын аты менен коркутат экен. Буга чейин Күрмөнтү цемент заводунун директору болуптур.
Жергиликтүү калк, аны ТОША деген каймана атынан эле жакшы таанышат экен. Бирок өз аты Туганбек Чолпонбаев экен. Мунун атын укканда ыйлап жаткан бала басылат дешет. Айрыкча тендер боюнча маселеде бир топ мандем барын, ал боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп берүүбүздү жергиликтүү калк суранып жатышат. Эгер бул айтылгандар жалган десе, Тоша байкенин пикирин угууга даярбыз...
Булак: "Ачык саясат плюс" гезити