www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК алтын зер буюмдарынын аткезчилигине байланыштуу ачылган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында мекеменин төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыялаганын атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, бул ишке Сүйүмбаевдин тиешеси бар экени тууралуу айныксыз далил буюмдар алынган. Буга байланыштуу ал суракка чакырылып, келбей койгон. УКМК Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалаңуу») жана 223-беренеси («Экономикалык контрабанда») боюнча шек саналып жатканы тууралуу Болот Сүйүмбаевдин сыртынан кабарлама таратылды жана издөө жарыяланды.
Тергөө иштери уланууда. Атайын кызмат мурдараак мекеме жетекчисинин мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев кармалып, атайын кызматка жеткирилгени жөнүндө маалымат таратып, ал да ушул иш боюнча суракка алынганын билдирген.
Мекеме анда Аскер прокуратурасы 2019-жылдын март айында ири көлөмдөгү зер буюмдарынын аткезчилиги, айрым товар жеткирүүчүлөрдүн УКМКнын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алганына байланыштуу бир нече кылмыш ишин козгогонун кабарлаган.
Тергөө маалында жетиштүү далилдер чогултулуп, аткезчиликке тиешеси бар тараптар жоопко тартылган. Алар күнөөлөрүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген 6 миллион сомдон ашуун зыяндын орду толтурулган.
Булак: "Ачык саясат плюс" гезити