www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2018-жылдын 26-январында, Бишкек шаарында КРнын Акыйкатчысынын“Жарандардын ичүүчү таза сууга жана санитарияга жетүү укугу” темасындагы атайын даярдаган докладын талкуулоо үчүн тегерек стол болуп өттү. Талкууда КРнын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев, КРнын Акыйкатчы институтунун кызматкеркерлери КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-чарба мамлекеттик агенттиги алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаменти, жарандык сектордун өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын жашоочулары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Акыйкатчы институту тарабынан жүргүзүлгөн Кыргызстандагы ичүүчү суунун азыркы абалы жана санитариясына карата талдоонун жыйынтыгы боюнча сөз козголду. Акыйкатчы Кубат Оторбаев, Кыргызстанда 400дөн ашуун жаңы конуштар таза сууга муктаж жана 150 айылды таза суу менен камсыз кылууну пландап жаткандыгын билдирди.
Булак: NazarNews.kg