www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочу Рита Карасартова сот системи оңолбосо, инвестициялар тартылбай турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында айтты.

"2018-жылы “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланды. Эгерде сот системасы оңолбосо, эч качан аймактардагы иш да оңолбойт, инвестициялар тартылбайт. Бул маселенин көтөрүлүп жатканы абдан туура. Мага 70-80 жаштагы жарандар келип "ушинтип эле отура беребизби, митингге чыгалы" - деп кайрылып жатышат. Сот көз карандысыз болуусу керек. Сотторду тандоо кеңеши "биз добуш бердик" деп иштеп жаткан сотторду кетирип жатышат. Эмнеге кетирдиңер десе жооп берише албайт. Алсак, аталган кеңештин мүчөлөрү талапкерлердин кетирген каталарын айтыш керек. Кылмышкер соттор өз ыктыяры менен кызматтан кетип жатышат. Сот реформасында канча семинар өткөрүлүп жатканы эч кимге кереги жок", - деди Карасартова.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости