www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Кубатбек Калбекович, 1993-жылкы Конституцияга кайрылып барсак, чийеленген маселелер чечилип, телегейибиз тегиз болуп калабы?
- Ал Конституция эмне, сыйкырдуу күчкө ээ бекен? Кийинкилердей ашепке өзүмчүл, бир адамдын бийлигине чексиз багытталбаганы менен ал деле бийликти борборлоштурууга багытталган, советтик системанын калдыктарын камтыган документ. Азыркылардан бир аз жакшы, бирок идеалдуу эмес.
Көйгөйдүн тамыры башка жакта. Коомдо деструктивдүү процесстер өтө күч алып алгандыгында. Алардын башаты тээ 2005-жылдагы революция деп шардана кылынган, иш жүзүндө саясый майданга билими тайкы, тарбиясы күмөн, бирок чексиз шылуун, демилгеси деминен күч менен алып чыккан окуяларда. Андан кийин кеминде эки-үч толкун менен саясий айдың андайларга
жык толду. Азыр ал жакта интеллигенцияга, билимдүү, нысаптууларга орун жок.
- Жаңы жазылып, талкууга алынып жаткан Конституциядан жакшылык күтүп, «элдик бийлик орнойт» дегенине ишенсек болобу?
- Элдин канчасы Конституциялардын жакшы-жаманын, башкаруу системаларынын аки-чүкүсүн, аларды кабыл алуу эрежелериндеги оош-кыйыштарды айрып биле алат? Көп эмес болсо керек. Билүүгө милдеттүүбү? Албетте, жок.
Бирок, мамлекет куруп, өз алдынча эгемендуү өмүр сүрөбүз деген эл жакшы менен жамандын, акыйкаттык менен куулук-шумдуктун, сабыр менен өкүмзарлыктын, кеменгерлик менен зордуктун, айтор, ушуга окшогон миңдеген карама-каршы сапаттардын ортосундагы айырманы талдап билгенге, көп учурда билбемиш болуп анткорлонуп, жасакерленип, миң кубулган амалкөйлөрдүн тузагына илинбей, эл бийлиги менен жеке бийликтин айырмасын талдап билгени кажет эмеспи.
Эгер биле албаса, билими жетпесе, арасынан суурулуп чыккан мыктыларды тандап, жок дегенде айтканына кулак салганды үйрөнбөйбү, сабыр кармап, албууттанып жулкунбай? Бири да жокпу?
Анда себебин башка түпкүрдөн издейли. Мамлекет улуттун белгилүү өлчөмдөгү өнүгүүсүндө гана түптөлчү нерсе. Анда ар бир адам өзүнүн эгемендигинен бөлүшүп, жалпы кызыкчылыкка ыйгарууга даяр болуусу кажет. Бул да жокпу?
Анда мамлекетти түптөө деңгээлине жете элегибиз ошо. Аракети жок жакшылыкты асмандан күткөн элдин келечеги бүдөмүк. Бери дегенде, жаман да болсо эреже менен жашаганга үйрөнө албаган эл өз кызыкчылыгын коргоп, адилеттүү мамлекет түптөй албайт.
Булак: "Азия News" гезити