www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турсунбек Акун “Азаттык” радиосун Конституциялык кеңештин мүчөлөрүн жаманатты кылды деп айыптады. Бул тууралуу ал пленардык жыйында билдирди.

"Эртең мененден кечке чейин “Азаттык” радиосу жана башка сайттар конституциялык чогулуштун жана курултайдын ишин жаманатты кылуу менен алектенишет. Радио АКШ Конгресси тарабынан каржыланары белгилүү болду. Алар өлкөнүн ички ишине кийлигишип жатышат. Жыйындын мүчөлөрү, курултайдын демилгечилери эфирге чакырылып, чыккынчылар деп аталат. Биз 20 жылдан бери курултай маселесин көтөрүп келе жатабыз. Биз чыккынчыбызбы? Этика кайда? Бүгүнкү күндө чет мамлекеттер тарабынан каржыланган маалымат каражаттары саясий күчтөрдү бири-бирине каршы чыгарып, чагымчыл аракеттерге барышууда", - деди мурдагы акыйкатчы.

Турсунбек Акун көтөрүлгөн маселелерге байланыштуу “Азаттыктын” жетекчилигине кайрыларын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости