www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ОшМУга Каныбек Исаковдун атын ыйгаруу сунуш кылынды

Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев Ош мамлекеттик университетине мурдагы Билим берүү жана илим министри, маркум Каныбек Исаковдун атын ыйгарууну сунушталгандыгын айтты.

Анын пикиринде, Каныбек Исаковдун өлкөнүн билим берүү тармагына, ОшМУнун аброюн эл аралык деңгээлге көтөрүүгө зор салым кошкон.

«Агай он миңдеген шакирттерди тарбиялап, мыкты кадрларды чыгарды. ОшМУ Орто Азия өлкөлөрүндө бийик кадыр-баркка ээ болуп, чет өлкөдөн миңдеген студенттер келип окуусуна шарт түздү», — деди Акаев.

Мурдагы Билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков 12-ноябрда 51 жашында дүйнөдөн кайткан.

Ал 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылында туулган.

Каныбек Исаков 2011-жылдан 2019-жылдын 11-сентябрына чейин Ош мамлекеттик университетинин ректору, 2019-жылдын 11-сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин Билим берүү жана илим министри кызматтарын аркалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости