www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазгы талаа иштеринде дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу каражаттар менен камсыздоодо көйгөйлөр болбойт. Бул тууралуу  бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында    биринчи вице-премьер-министр  Кубатбек Боронов билдирди.

Билдирүүгө таянсак, айдоо аянттары былтыркыга караганда көбүрөөк болот. Дыйкандар жеңилдетилген шартта насыя, үрөн менен өз убагында камсыздалат:

“Быйыл Кыргызстандын айыл чарбасында жалпы себүү аянттары 1 миллион 219 миң гектар болот. Бул өткөн жылга салыштырганда 2,3 миң гектарга көп болот деп божомолдонуп жатат. Жазгы себүү иштери 745 миң гектар жерде жүргүзүлөт”,-деди Боронов.

Белгилей кетсек, «Кыргызстандын айыл чарбасынын азыркы абалын жана келечегин талдоо» илимий эмгеги жарыяланган. Анда кандай өсүмдүк айдоого ыңгайлуу экени аныкталбаганы, соода-сатыкта кандай товарга артыкчылык берилери так эмес экени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости