www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда кандай адам кызмат даражасынан өсүп же сактап калышы мүмкүн? Атамбаев президент болсо аны түбүнөн мактаган адамдар барбы? Кыяз Саттарович менен бир топтон бери  бир маселени чече албай келе жатабыз? Макул, ал тарыхчы катары кыргыз элинин жараны Шаманын тарыхын изилдесин. Бир гана нерсеге бекем турбай келет. Ал кыргызга жаран болгуча Чынгыш баатырдын ашпоозчусу катары Кытайдан “подаркага” Кокон ханына келген Ша-Мао болгон да. Кытайлык Ша-Маону Чыңгыш баатыр Кокондон ээрчите келгенде кыргыздар күн көрсөтпөй койгондо. “Шамага тийишпегиле” деген сөзүн туу кылып алган Кыяз Молдокасымов ушунун тегерегинде өз ой пикирин билдирет.

Шаманын тукуму Атамбаевдин “Манас-орусиялык” деген сөзү майдай жаккан,  орустун илимпоз  тарыхчылары Астай Бутанаев (орусча Виктор Яковлевич) жана Юлий Сергеевич Худяков деген тарыхчылары бар.  “Улуу урматтуу Атамбаевдин ата-теги” –деген тарыхий -монографиялык китептин автору “Дедкасым” бул китеби үчүн автор Кыяз Молдокасымов  “Манас” орденине татыктуу болуп, аз жерден “Эл Баатырын” албай калган. Ал “Мурас” фонду менен бирге Бутанаев менен Худяковду Кыргызстанга келсе көлөкө жерге багышып, орустар сүйгөн арагына кекиртектен тойгузат да башка тарыхчыларга көрсөтпөй жөнөтүп жиберишет. Арийне, бюджеттин акчасын жеп жан баккан “Мурас” фонду ортого түшүп аларга сыйлык, наам бергенден тажашпайт. Алсак, Атамбаевдин “Манас-орусиялык”, алтайлык деген сөзүн туу кылган Худяков Илимдер Академиясынын академиги, Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин профессору, андан тышкары “Дедкасым” алган “Манас” жана “Данакер” ордендерин алган. Бутанаев болсо “Кыргыз Республикасмынын илимине эмгек сиңирген кызматкре”, ал деле “Дедкасым” алган “Манас” орденинен кур калган эмес.

  Атамбаев президент кезинде “Москва жаңырыгы“ үн алгысынан “Манас - орусиялык” деп айткан, ким каршы чыкты эле? Эч ким. Алтай азыркы заманда Орусия Федерациясынын курамында муну эч ким танбайт. Бирок учурунда “Улуу Кыргыз державасы” Алтайдан баштап, Азиянын бир топ жерлерин титиретип турган. Муну тарыхчы катары Бутанаев да, Худяков да жакшы билет, “Мурас” фондусу тарабынан берилип жаткан сыйга эле баштары айланып кетпесе. “Күн тийген жердин күкүгү” “Дедкасымга” ишенүүгө болбойт. Атамбаев президент кезинде: “Манас-орусиялык” десе, “Ооба, улуу урматтуум” десе керек. Атамбаевдин заманында дыкааттык менен Алматынын архивинде Атамбаевдин ата-тегин таппаса да, миллиарддарын кемирип жанын баккан “Дедкасым” “Улуу урматтуу Атамбаевдин ата-теги” –деген монографиялык тарыхий китеп жараткан. Алматынын архивинен “Дедкасым” Сарыбагыш деген он башыны тааптыр. Бирок, Атамбаевдин ата-тегинде Сарыбагыш деген жок. Атамбаевге анын ата-тегинде Сарыбагыш барбы, жокпу бирдей эле, бары бир ата-теги жок да. Ошондуктан, Сарыбагыш болуш болчу десе “Дедкасым” “Эл баатырын” алмак.

Пулат бий деген Кокон ханын алган адам болгон, эмне үчүн “Дедкасым” Атамбаевдин ата-тегин Пулат бийге жакындатпайт? Бирок, “Дедкасым” бары бир айласын тапкан, Атамбаевдин бабалары Шама, Ноорузбайды  Алымбек датка менен теңештирип, Кокон ханын мууздатып Чүйгө качырып койот. Шама эмес сарт байларынын ашпозчусу Ша-Мао болгон дешет санжырачылар. Эмнеси болсо да ал “Манас” орденин актаган. Эми Алматынын архивинен Атамбаевдин жалган ата-тегин даңазалаган “Дедкасым”, Ташкендин архивинен кимдин ата-тегин издеп жүрөт ким билет. Акыркы мезгилде Ташкендин архивине байма-бай каттап калды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости