www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Кубатбек Боронов: COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын саны өсүп жаткандыктан бир катар чараларды күчөтүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновго таянып, жазып чыкты.

«COVID-19 пандемиясына байланыштуу учурдагы социалдык-экономикалык жана эпидемиологиялык кырдаал да күч алып турат. Күнүгө жарандардын арасында коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч болуп турат. Аймактарда абалды көзөмөлдөө боюнча иштер айрым учурда жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатат. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин отурумунда белгиленгендей, облус жетекчилеринин өзүнө тийиштүү аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча жеке жоопкерчилик тартышат», - деди Кубатбек Боронов. 

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын аймагында  эпидемиологиялык көзөмөлдү талаптагыдай камсыз кылуу чечимин кабыл алды.

«Белгиленген бардык тапшырмалар, чечимдер сапаттуу жана өз учурунда аткарылышы керек. Ар бир мамлекеттик орган жана ар бир облус күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнү  жүзөгө ашырууга тийиш, медициналык мекемелерде бейтаптардын санынын көбөйүшүн эске алуу менен,  ошондой эле   экономикалык ишмердүүлүктөгү ар кыл багыттардын ишине даярдык көрүлүүгө  тийиш. COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу бир катар чараларды күчөтүүнү пландаштырып жатабыз. Алсак, дем алыш күндөрү ишемби күнү түштөн тартып жекшемби күнү толук күнгө Бишкек шаары боюнча коомдук унаалардын кыймылын токтотуу чечими каралууда. Ошондой эле аймактар аралык коомдук унаалардын каттамдарын чектөө пландалууда, ошол эле учурда такси кызматтары, жеке жана жүк ташуучу унаалар тоскоолдуксуз жүрө берет», - деп белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, ар бир жаран өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгы үчүн жоопкерчиликтүү. Ал бардык кыргызстандыктарды өзгөчө коомдук жайларда этият болууга жана санитардык эрежелерди сактоого чакырды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости