www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Бишкек шаарынын мэрине кайрылып, ал жаткан ооруканага барууну сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазып чыкты. Анын тексти төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

"Урматтуу мэр мырза, бет капты мурдуна чейин толук таккан мага деле жугуп калды. Кабатыр болбоңуз, эл катары айыгабыз. Мыкты командаңыз бар экен, карантин учурга карабай парктарды салып жакшы иштедиңиз. Айрыкча Балбак байке, Гуля, Жибек деген кадрларыңыз адискөйлүгүн көргөзүп келет.

Мага да жугуп калганына караганда жакшы иштегендер биринчи ооруйт окшойт. Сизге кааларым чың ден соолук. Анан колдон келсе, Бишкектеги ооруканага жатпаңыз, сиз да Токмокко жөнөкөй ооруканага келиңиз. Дарыгерим Шамиль Лушанло экөөбүз атайын сизге деп бир орун даярдап койдук. Болгону келээрде бул жактын ажатканасы эски, ысык суу жок, чымыны көп. Бирок доктурлары таза алтындан, кесипкөй, бат эле сакайтат. Ошону эске алыңыз. Урматтоо менен Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын "мэри" Ибраим Нуракун уулу", - деп сөзүн аяктаган ал.

Урматтуу мэр мырза, масканы мурдуна чейин толук таккан мага деле жугуп калды. Кабатыр болбонуз, эл катары айыгабыз....

Опубликовано Ibraim Nurakun Uulu Суббота, 20 июня 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости