www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кен казуучу компаниялар иштеп жаткан аймактарда жергиликтүү тургундар инвесторлорго көбүрөөк түшүнүү менен мамиле кыла башташты. Бул тууралуу 14-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен өткөн онлайн кеңешмеде өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.
Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, өкмөт башчы Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорун кыдырып чыкканын, тоо-кен тармагында иштеген инвесторлордун каражатына социалдык багыттагы долбоорлор жүзөгө ашырылып жатканын жана компанияларда иштеген жергиликтүүлөр улам көбөйүп келатканын белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда эл арасында кен казуу тармагына инвестор тартуунун, ар кандай чагымчыл чакырыктарга жол бербөөнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү зарыл экенин айтты. Ошону менен катар инвесторлордун ишмердүүлүгүндө социалдык жагдайдын эске алынышы керек экенин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg