www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик каттоо кызматы автоунаасы башкалардан айырмаланып, мамлекеттик номери өзгөчө болуп туруусун каалаган мжарандар үчүн, жаңы мүмкүнчүлүк бермей болду. Ал үчүн автоунаанын номерине жазыла турган каалаган тамга менен санды тандап туруп, атайын өткөрүлө турган аукционго катышуу керек.
Онлайн аукцион боло турган убакыттан 10 күн мурда иш чара кайда жана качан болоору тууралуу маалымат мамлекеттик каттоо кызматынын сайтына жайгаштырылат. Бири-бирине окшош болгон, мисалы ААА сыяктуу тамгалар тандалса, баасы 30 миң сом, ал эми сандары окшош бирок тамгалары ар кандай болсо, 12 миң сомдун тегерегинде болот.
Аукциондон утуп чыккан автоунаа ээсине дал ушундай сертификат берилет. Ошол эле күнү тиешелүү баардык документтери жана мамлекеттик номер кошо тапшырылат.
Бирок "кооз" номерлерди алууда бир катар чектөөлөр бар. Мисалы кайсы бир мамлекеттик органдын же мамлекеттер аралык бирикмелердин белгилерин айгинелеген номерлерди буйрутма кыла албайт. Ошондой эле кайсы бир товардык белгилердин же башка бирөөнүн интеллектуалдык менчиги болуп саналган белгилерди колдонгонго болбойт.
Акыркы учурда өзгөчөлөнгөн белгилери бар мамлекеттик номерлерди сатуу бир нече эсеге көбөйгөн. Алардын орточо баасы 50 миңден 100 миңге чейин көтөрүлгөн учурлар бар. Эң кымбат сатылган учур 2016-жылы 01 KG 777 ААА мамлекеттик номери 1 млн 716 миң сомго сатылган.
Булак: NazarNews.kg