www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) башчысынын орун басары Вячеслав Смоленский менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Россия тарапка көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жана консультациялык жардам үчүн ыраазычылык билдирем. Биз коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө оңдуу натыйжалар байкалып жаткан Россия Федерациясы менен кызматташууга өзгөчө маани беребиз. Илдетке кабылгандардын саны азайып баратат. Биздин медицина кызматкерлерибиз бул ооруну токтотууга бардык күч-аракеттерин жумшап жатышат. Россиялык адистердин топтогон тажрыйбасы биз үчүн өтө пайдалуу болот», - деди Кубатбек Боронов. 

Өз кезегинде Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын башчысынын орун басары Вячеслав Смоленский россиялык тарап жалпыга түшкөн кыйынчылыкта жардам көрсөтүүгө дайым даяр экенин айтты. 

«Биз өз тажрыйбабыз менен бөлүшүп, бир катар маселелер боюнча кесиптештерибизге консультация берүү үчүн атайын республикага келдик. Эки күндө 100гө жакын кыргыз адистери инфекцияга мониторинг жүргүзүү, дарылоо процесстерин уюштуруу жана лабораториялык иштер боюнча кеңеш алышты. Кырдаалды талдоо көрсөткөндөй, бош орундар фондун көбөйтүү жана бейтаптарды кычкылтек менен камсыздоону күчөтүү зарыл. Биз бул маселелер чечилип жатканына ынандык. Ошону менен бирге ооругандандарды куткарып калуу үчүн бардык күч-аракетин жумшап жаткан медициналык персоналдын кесипкөйлүгүн жана өз жанын аябагандыгын белгилеп кетким келет. Зарыл шартта биз колдоо көрсөтүү багыттарын кеңейтүүгө даярбыз», - деди ал.

Өкмөт башчы россиялык адистердин жардамы өз учурунда көрсөтүлгөнүн белгилеп, биргелешкен күч-аракеттер менен коронавирус инфекциясын жеңерибизге ишеним билдирди.

Белгилей кетсек, Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын адистеринин сапары Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын натыйжасы болуп саналат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости