www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги мыйзамды жакшы түшүнгөн, калыс пикирин айткан Осунбек Жамансариевди кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

--Осунбек мырза, шайлоо күнүн белгиленгени коомчулукта түрдүү талкууга алынды. Бири Президент туура кылды десе, экинчиси пандемия учурунда шашпай турушу керек эле деген пикирлерин айтышууда. Президент шайлоо күнүн аныктап туура кылдыбы же калпыстыкка жол бердиби?

--Шайлоо күнүнүн белгилениши президенттин укугу эмес, милдети. Анткени, Жогорку Кеңештин 5 жылдык мөөнөтү бүттү, эми мыйзам боюнча  кийинки Жогорку Кеңеш келиш керек. Эгер президент милдетин аткарбаса тескерисинче мыйзам бузуу болмок. Тактап айтканда, шайлоо күнүн белгилөө, тууралыктан, каалоодон, укуктан эмес, милдетке байланышкан. Ошон үчүн президент милдетин аткарды.

Илдеттин  качан токтоору же улана берери боюнча ага чалдыккандардын  аз же көп экендиги боюнча эч ким эч нерсе айталбайт... Жашоо уланууда, демек, шайлоо да өтөт

--БШКнын жаңы киргизген жоболору мыйзам бузууну, добуш сатып алууну азата алабы?

--БШКнын жаңы кабыл алынгандай жоболоруна окшогон шайлоону таза мыйзамдуу өткөзүүгө багытталган идеалдуу мыйзамдар мурунтан бери эле бар. Бирок, ушуга чейин бир дагы президент шайлоонун таза өтүшүнө, таза ой, иш жана таза саясат жасаган эмес. Демек, шайлоонун таза өтүшү БШК же башка органдан деш, кур сөз.

--Премьердин партиялардын шайлоого деген акчаңарды covid-19 менен күрөшүүгө бергиле дегени айла жоктун ишиби? 

--Премьердин демилгеси, баарыбыздай эле азыркы оор учурдан чыгуу аракети  жана жардам сураганы. Ал эми, партиялар болсо, шайлоого даярдашкан каражаттарынын баарын беришпейт. Мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жардам беришет. Өзүбүз деле суратпай эле кол кабыш кылган, элдин түйшүгүн жеңилдетүүгө багытталган  кээ бир атуулдардын жакшы иштерине күбө болуп жатабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости