www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ал орчундуу маселелери бар жарандардын кайрылууларын, кечээ Өзбекстан Республикасынын Сох районунун айыл тургундары менен болуп өткөн чатактын себептерин укту. 

Кубатбек Боронов Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен болуп өткөн сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып берди. 

Биринчи вице-премьер-министр чек ара маселелерин чечүү, чек арага чектеш райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой аталган аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи.   

Ал ошондой эле тургундарындын кайрылуусу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлө тургандыгын айтты. Тармактык мамлекекттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости