www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан 5 адам жабыркап, 1 аял киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

"Нарын облусунун Кочкор районунда 1-июнунда саат 00:13тө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында (Кубакы ашуусу) “Мерседес-Бенц S211” жана “Тайота Хайландер” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркап, 1 аял киши каза болду. Жерине Кочкор райондук №42 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан алып чыгышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости