www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кубатбек Боронов Бишкектин көйгөйлүү маселелеринин бири экология темасы экенин айтты. Ал борбор калаанын экологиялык жана айлана-чөйрөсүнүн абалын жакшыртууга багытталган комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарыл экенин белгиледи.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ИДП түзүмүндө токой чарба продукцияларынын үлүшү 0,05% түзөт, бул өтө төмөнкү көрсөткүч, муну жок дегенде 1% чейин көтөрүү керек. 

Биринчи вице-премьер-министр ошондой эле отургузулган көчөттөрдүн өсүү көрсөткүчү төмөн экенин айтып, бак-дарактардын   өнүп-өсүүсүн жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди.

«Агенттиктин инвестиция тартуу үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташуу боюнча иштеринин жыйынтыгы жок. Мекеме экология чөйрөсүндө тиешелүү деңгээлдеги саясатты жүргүзө албай жатат.  Бардык иштер агенттиктин деңгээли менен чектелүүдө, экология саясатын кандайдыр бир өзгөчө кырдаал болгон учурда гана эстейбиз. Былтыр коллегияда Жашыл климаттык фондунун каражаттарын тартуу боюнча иштер жетишсиз экени айтылып, бул багыттагы иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилген. Бирок бүгүнкү күндө биздин мамлекет башка өлкөлөргө салыштырмалуу каражатты аз алууда. Инвестиция тартуу боюнча эл аралык уюмдар, атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктер менен ишти активдештирүү зарыл», - деди биринчи вице-премьер-министр. 

Кубатбек Боронов экологиялык экспертизанын жыйынтыктарын берүүнүн мөөнөтү боюнча нааразылыктарга байланыштуу маселени айтып, агенттикке экологиялык экспертиза боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү үчүн иш чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди.

Коллегияда биринчи вице-премьер-министр ошондой эле Өкмөт менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда кол койгон келишимдин алкагында жаратылышты өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн эске салды.   

«Экологияны сактоо жана коргоо боюнча долбоорлор үчүн финансылык каражаттарды бөлүү, аны кайтаруу  механизмдери жөнүндө жобо сапаттуу иштелип чыгышы керек жана фонддун мындан ары иштөөсү үчүн Өкмөттүн кароосуна киргизилиши зарыл», - деди Кубатбек Боронов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости