www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-февралда кыргыздын тарыхчысы, публицист жана журналист Кыяс Молдокасымов NazarNews маалымат агенттигине тажик генералы “Баткен облусу кыргыздардын жери эмес...” деп айткан сөзү тууралуу пикирин билдирди.

-Саламатсызбы Кыяс мырза, кечээ жакында эле тажик генералы Абдулло Навжувонов “Баткен облусу кыргыздардын жери эмес, биздин бабаларыбыз кыргыздарды алып келип, жер бөлүп берген” деп маалымат жыйында сүйлөдү. Тарыхчы катары буга пикиринизди айтып кетсеңиз.

-Тажик генералдарынын арасында да тарыхты жакшы билбегендер бар. Ушул генералдын пикиринен кийин эки элдин ортосуна от жагып, жаңжалга шыкакчылар ким экени да ачык билинип калды. Алар карапайым калкты ушундай пикир менен ууландырып, сыртта тымызын байкоочу болуп турушканы ырасталды.

Тарыхта Баткен эле эмес, Жерге-Тал, Мургаб кыргыздардыкы экени маалым. Ал гана эмес, Баткен жери Манас эпосу менен да байланыштырылып көп айтылат. Эгемендүүлүк доордон бери бийликтин алсыздыгынан, мекенчил эместигинен, өгөй мамилесинен улам, азабын чек арадагы карапайым эл тартып жатат. Тажиктин алабарман генералынын бул айтканына бийлик олуттуу жооп кайтарбаса, алардын мындай аракети күчөп отуруп, чоң жаңжалга алып келиши ыктымал. Маселеге жооп кайтарган билимдүү, компоненттүү бийликтен өкүл чыгаар бекен эми?

-Ошондо тажик генералы жаңжал чыгаруу үчүн ушул сөздөрдү айтты деп ойлойсузбу?

-Ошого шыкак берип жатат. Сабатсыз карапайым тажиктер генералдын сөзүн чындык катары кабыл алат.

-Сиз айткан билимдүү, компонеттүү бийликтин өкүлдөрү бизде барбы? Болсо ким?

-Эми анча-мынча китеп окугандар табылып калаар өкмөттөн, тиешелүү министрликтерден. Эгемендүү өлкөгө жооптуубуз деп ант бергендерден чыгып...Айтоор, ишеним артып, күтө туралы.

-Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости