www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоголгон кичинекей кыздардын апалары табылды. Бул тууралуу Кайгуул милициясы NazarNews агенттигине кабарлады . 

Маалыматка караганда окуя бүгүн, 15-февралында  болжол менен саат 12:30 болгон. Анда Бишкек шаардык ИИББнын “102” кызматы  аркылуу  Гоголя жана Правда  көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Дордой –Плаза”  соода  борборунун ичинде кичинекей кыздар  апасын издеп жатат деген маалымат  келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, маалыматты тактап,  2017-жылы туулган М.Х жана 2016-жылы туулган  Т.Х. аттуу  кичиней кыздар апаларын издеп жүргөндүгү аныкталган.

Милициянын кызматкерлеринин ыкчам издөө иш аракеттеринин натыйжасында эки саат убакыттын ичинде, кыздардын  1993-жылы туулган А.Б жана 1992-жылы туулган М.Г аттуу апалары табылып, кичинекей кыздары  өткөрүлүп берилген.

Өз кезегинде жаш кыздардын  апалары кыздарынын  табылганына сүйүнүп, Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерине  ыраазычылыктарын билдирип, иштерине ийгилик каалашты.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости