www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу "Биз илдетти биргеликте гана жеӊебиз!" деген пикирин коомчулукка жарыялады.

"Көп профилдүү клиниканын базасында убактылуу ачылган оорукана 35 орунга ылайыкталган, анын ичинде эки реанимациялык керебет бар.

Мурдагы күнү, ачылгандан 6 саат өткөндөн кийин, 35 керебеттин бардыгын бейтаптар ээлешти.

Реанимацияга муктаж болгон үч адам тез жардам кызматы менен келишкен, бирок клиникада орун жоктугунан ооруканага эки гана адам кабыл алынды.

Исмаил Матраимов фонду дарыгерлер күн сайын бейтаптарды камсыз кыла турган өмүргө маанилүү дары-дармектерди сатып алышкан.

Ооруканада 2 жасалма дем алдыруучу ИВЛ жабдыгы, 7 кислород концентратору иштеп жатат. Жакынкы күндө кошумча жабдыктардын келиши күтүлүүдө

Стационарда 6 дарыгер, 5 медайым жана 5 санитардан турган бригада күнү-түнү иштеп жатат

Бүткүл дүйнө жана өлкөбүз үчүн оор күндөрдө биз Интернеттеги жана социалдык тармактардагы адилетсиз сындарга карабастан, мүмкүн болгон жардамды көрсөтүүгө ниеттенебиз.

Чын жүрөктөн жарандарыбызга жана мекендештерибизге ден-соолук каалайбыз! Биз илдетти биргеликте гана жеӊебиз!", - деген Искендер Матраимов.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости