www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Азимбек Бекназаров менен айрым саясий маселелер боюнча ой бөлүштүк.

--Сырттан караган кишиге Кыргызстандын абалы кандай көрүнүп жатат? Биримдигибиз байкалып жатабы же келген акчаны жок кылып алып, элин ажалга салып берген шордуу мамлекет катары көрүнүп жатабызбы?

--Сыртта Кыргызстан жөнүндө сөз кылгандар жокко эсе десек да болот. Бүгүнкү Кыргызстандагы жалпы көрсөткүчтөн жакшыны (Бишкекти өзүнчө бөлүп карабаганда) эч ким деле үмүт кылбайт. Себеби, дүйнө элин суктанткан бай, күчтүү, демократия, адам, сөз эркиндиги, укугу сакталган деген АКШ, Бразилия, Индия жана башка Европа мамлекеттеринин көрсөткүчтөрү биздикинен кыйла жаман. Тумоо күчтүү,  бай, алсыз, жарды деп тандабайт экен. Тумоонун дарысын табалбай турганда байлык менен күчтүүлүк эч кандай роль ойнобойт. Бизде деле кембегалдар менен бирге эле не деген байларыбыз да көз жумуп жатпайбы?!

Эң башкы нерсе элдин ынтымагы менен бир эрежелерге баш ийип жашоону билгендикте окшойт. Бийлик менен элдин ынтымагы бири-бирине болгон ишениминин күчтүүлүгү, дарысы табылбай турган дартка  азырынча башкы даба болуп жатат. Аны мен Малайзиядан көрүп жатам.

Бийлик айттыбы, баары аткарат, көчөдө толпаны көрбөйсүң, аралыкты сакташат, маскасы жок жүргөн адам жок, кайыр сурап тилемчилик кылуу, аракечтик, баңгичилик, сойкулук кылуу, «дейди тескерилер», улууларды сыйлабагандык улуттук уят иш катары бааланат экен. Бийлиги да март айынан берки карантинде, коомдук автобус, трамвай метро, такси, дежурный магазиндерди токтоткон жок. Шаардын тазалыгын карагандар менен гүл өстүрүүчүлөр гана иштеп жатат.

Мен таң калдым ичинде бир да адамы жок болсо да шаар ичиндеги бекер автобустар, маршуруттагы акылуу автобус, трамвайлар 4-5 минут сайын тынбай каттап жатканына. Өкмөт коронавируска каршы кошумча дары-дармек, медиктерди авто техникаларды алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 157 млн. АКШ долларын кошумча бөлүп берген. Саламаттыкты сактоо министри өзү гана чечет экен жана жооп берет экен. Бул  тумоону жеңүүнүн башкы жолу эл менен бийликтин ымалада болуусу, бирин-бири угуусу жана сыйлоосу,  өз ара бир муштумдай болуп, тумоого каршы бекем туруусу, элдин болуп көрбөгөндөй кайрымдуулук, боорукерлик, бир туугандык сезимге келиши азырынча эң башкы дары экенин ар бир кыргыз сезүүсү керек. Ата- бабаларыбыз илгертен ушундай тумоолорго ушинтип туруштук берип келишкен.

Азыр ааламда кайсы мамлекет эмес, кайсы улут коронавирустан кантип чыгаар экен деген чоң сыноо турат. Биз кыргыздар ата жолундагы нарктуулукка түшсөк, Кудайдын көзү түз болуп, бул тумоодон башты бийик көтөрүп чыгабыз. Силер да медиа кызматкерлери элди тумоонун өтө оордугун атуулдук ар-намыс менен сезип, элге кайрат, ыйман бере турган нерселерди көп жазып, элди жакшы күндөргө үндөөгө милдеттүүсүңөр.

Бул тумоо кечээ эле араңарда жүргөн чыгармачыл Элмирбек Иманалиев, Болот Шер, Бүбүкан Досалиевага окшогон нукура мекенчил кыргыз инсандарын арабыздан алып кетти го?! Сак бололу, бир бололу кыргыздар!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости