www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык активист Мелис Аспеков “Чоң казат” кыймылынын эки өкүлүн түз эфирге чакырып, куран карматарын айтты.
Анын айтымында, Канат Касанов менен Максат Мамытканов чет жакта жүргөн мигранттардын которгон акчасын жок кылып коюшкан.
“Чоң-Казат ит экенсиңер! Сыймыктан башкаңар. Сыймык абайла, жаныңда начар адамдар чогулуп алыптыр.
Эл силерге ишенип, пенсия, пособиясынан бере баштаган. Чет жакта тишинин кирин соруп жүрүшкөн мигранттарыбыз силерге акча которуп жатышкан. А силер болсо ошол акчаларды жеке кызыкчылыгыңарды чечкенге жумшап атасыңар. Канат Хасановко Максат Мамытканов чогулган акчадан 7 миң доллар бертиптирсиң. Жеке маселеңди чечип ал деп. Анысы аз келгенсип Канат Хасанов 20 миң долларга жакын уруп кетиптир. Анысы билинип калып, андан кийин Канатты Сыймык кууп чыгып атпайбы.
Эми Максат Мамытканов мен жеке өз акчамдан 7 миң доллар бергенмин деп актанып атасың. Сенде кайдагы акча? Бир ай мурда эле маршрутка менен жүрөм, кайненемдин квартирасында турам деп маек курган видеоңду таап чыгам шашпа. Ит абийириңерди кетирем. Менин күйгөнүм эл байкуш силерге ишенип акыркы акчаларын берип атса силер элге түкүрүп атасыңар.
Кечээ мен тактап Сыймыка чалып, Канат Хасановдун акча уруп кеткени чынбы десем, ооба деп жооп бердиң. Жапарга чалып сурасам Максат Мамытканов Канат Хасановко 7 миң доллар бергени чын дедиң. Кайненесинин үйүндө жашаган, маршрутка менен жүргөн Максат Мамытканов кайдагы өз акчасын берет эле Канат Хасановко. Ме ишиңди бүтүрүп ал деп. Азыр Максат Мамытканов түз эфирге чыгып, мунун баары калп деп атасың. Калп десеңер баарыңарды түз эфирге чакырып, ыйык Куранды карматам силерге дагы. Бирок Куран кармаган оюнчук эмес. Ошону эсиңерден чыгарбагыла.
Эл ансыз деле кимге ишенерин билбей мөгдүрөп турганда ого бетер мөгдүрөтпөгүлө.
P. S. Сыймыкты колдонуп, элдин эсебинен акча жасаганыңарды токтоткула!",- деп Мелис Аспеков.
Булак: NazarNews.kg