www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемияга байланыштуу элге моралдык-психологиялык жактан жеңил эмес учур болуп турат. Жакында эле тик учма менен белгисиз зат чачылып жатат деген билдирүү социалдык түйүндөргө тарады. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы жазып чыкты.

Ошондой эле Өкмөт башчы Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы медициналык мекелерге жана күндүзгү стационарларга дарыгерлер ишке келишимдик негизде   тартылып жатканын белгиледи. 

«Медициналык билим бар, бирок шартка байланыштуу башка тармакта иштеп жаткан адистерди кызматташууга чакырганбыз. Жумуш орду Бишкек жана Чүй облусунун аймактарындагы илдетке чалдыккандарды дарылоо пункттарында болмокчу. Эмгек акы боюнча ишке тартылып жаткандар кабатыр болбой эле койсо болот. Айлык акы жана жашаган жер, тамак-аш менен камсыздалат. Өз ыктыяры менен иштей турган медицина кызматкерлерин жумушка тартуу боюнча иш аракеттерди күчөткүлө», - деген тапшырманы Кубатбек Боронов тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берди. 

Премьер-министр түзүлгөн экономикалык кырдаалга байланыштуу айрым ишкерлер соода аятнчасы үчүн ижарачылардан акы алуудан баш тартканын белгиледи. 

«Кыргызстан учурда оор күндөрдү баштан кечирүүдө. Ушундай кыйын кырдаалда башка  коммерциялык кыймылсыз мүлктүн ээлерин да мындай үлгүлүү ишти жүзөгө ашырууга чакыргым келет. Бул аракеттер өз кезегинде экономикалык тармакты жандандырууну жана жумушчу орундарды сактоону шарттайт», - деп кошумчалады Өкмөт башчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости