www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда эл арасында эл аралык финансы уюмдарынан келген жардамды бийликтегилер «жеп койду» деген сөз бар экенин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы жазып чыкты.

Мамлекет башчысы бизде ачык коом экенин жана чет өлкөдөн келген каражаттардын чыгымдалышы тууралуу Өкмөт элге ачык маалымат берерин баса белгиледи.

«Элдин, мамлекеттин ырыскысына кол салгандарга мен тараптан аёо жок экенин билесиздер. Ошондуктан, сиздер менен биргеликте өлкөгө келген жардамды максатсыз коромжу кылдырбайбыз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости