www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Жогорку сотунда «Мусулман агайыңдар» («Ихвон-ул-муслимин») деп аталган эл аралык террордук топко мүчө деп айыпталып жаткан 116 шектүүнүн иши карала баштады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Соттолуучулардын 114ү Тажикстандын, экөө Египеттин жарандары. Отурум жабык өтүүдө.

Башкы прокуратурадагы өз булактардын маалыматына караганда, кылмыш иши сотко эки жума мурда жөнөтүлгөн. «Соттолуучулар «Террордук мүнөздөгү кылмыштарды каржылоо», «Экстремисттик ишмердүүлүккө чакырык жасоо жана экстремизмди актоо», «Экстремисттик топ түзүү» жана «Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу» беренелери боюнча айыпталууда. Алар күнөөлүү деп табылса 12 жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Соттолуучулардын адвокаттары менен жакындары кылмыш иши «жашыруун» экенин айтып, комментарий берүүдөн баш тартышты.

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» кыймылынын мүчөсү деген шек менен адамдарды кармоо быйыл январдын башында башталган. Кармалгандардын арасында жогорку окуу жайларынын 20 окутуучусу менен кызматкерлери, ошондой эле Исфара шаардык аткаруу бийлигинин өкүлдөрү да бар.

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» кыймылынын ишмердүүлүгүнө 2006-жылы тыюу салынган. 2016-жылы бул уюмга тиешеси бар жана өспүрүмдөрдү Сириядагы согушка азгырган деген шек менен өлкөнүн түндүгүндө беш имам кармалып, ар бири беш жылдан эрктеринен ажыратылган.

«Мусулман агайыңдар» - эл аралык диний-саясий уюм, 1928-жылы Египетте түптөлгөн. Бир нече өлкөдө мыйзамдуу саясий күч болуп саналып, парламентте өкүлдөрү бар. Ошол эле маалда бир катар өлкөлөрдө бул уюмга тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости