www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бүгүн, 7-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар адамдардын баарына кайрылып, келишимдик негизде иштеп берүүгө чакырды. Ал Бишкекте жана Чүй облусунда дарыгерлерди келишим негизинде жумушка тартуу иши башталганын, айлык акысы 70 миң сомго чейин болорун айтты.

«Өкмөт башчы катары сиздерди расмий түрдө ишке чакырам. Медициналык билими бар, бүгүнкү күндө иштебей жүргөн, «иштейм, жардам берем» деген жарандарыбыз болсо, биз аларды ишке чакырабыз. Контракт түзүп, бир же эки айгабы, үч айгабы, жогорку деңгээлдеги дарыгерлер 70 миң сомго чейин, категориясына жараша акча төлөнүп берилет», - деди өкмөт башчы.

Боронов келишимдик негизде иштей турган дарыгерлердин жата турган жери жана тамак-ашы мамлекеттин эсебинен болорун кошумчалады.

Кыргызстанда соңку аптадан бери пневмониядан каза болгондор көп болуп жатат. Ооруканаларда орун калбай, бийлик кошумча стационарларды ачууга мажбур болууда.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

Белгилей кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19га 1125 медицина кызматкери чалдыгып, алардын 515и айыгып кетти. Ооруканада жатып каза болгондордун расмий саны беш кызматкер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости