www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Уран Рыскулов менен шайлоонун тегерегинде маселелердин алкагында ой бөлүштүк.

--Уран мырза, шайлоо  күнү аныкталды. Бирөөлөр шайлоо күнүн аныктоо президенттин укугу эмес, милдети экенин баса белгилеп жатышат. Ошол эле мезгилде президент элдин пандемиядан жабыр тартканын эске албаганына капа. Сиздин оюңуз боюнча президент туура кадам таштадыбы же шашылыш чечим кабыл алдыбы?

--Элибиз белгисиз оорудан сөөктөрү сыздап, жыт, даам сезбей пневмания же грипп  эмес дарт менен алп урушуп, арга амал таба албай турганда шайлоо күнүн дайындоо бул бери болгондо эле жапайычылык. Азыр шайлоо эмес, элдин ден соолугу жөнүндө кам көрүлүп, адамдык жана финансылык ресурстардын баарын ооруга каршы жумшашы керек эле. Бүгүн жалпы кыргыз эли бийлик бутактарына элдин келечеги, ден соолугу бир тыйынга дагы татыбаганын түшүндү. Эл өз киндигин өздөрү кесе турган кырдаалга жетип калганыбызды  да билди. Мен бийлик канча аракет кылса да, парламенттик  шайлоо өтпөсүнө  99 пайыз ишенем. Бирок, 1 пайыз  тагдырды чечип, кокусунан шайлоо өтүп калса, партиялык тизме менен өткөн шайлоонун акыркысы болооруна  бөркүмдөй эле ишенем.

--Шайлоону өтпөйт деген сөздү  илдетке байланыштырып айтып жатасызбы?

--Жогоруда белгилеп кеткендей элдин ден соолугу, пандемиянын жайылышы бийлик бутактары үчүн шайлоого жолтоо болбойт. Тескерисинче, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого ыңгайлуу негиз болуп берет. 2010-жылы деле Ош шаарында элибиз кан кечип жүрсө, коменданттык саатка карабай мыйзамдарды тебелеп тепсеп, Венециянын комиссиясы таңуулаган конституцияны жылуу, жумшак кабыл алыш үчүн "референдум" өткөрүшкөн. Андан бери көп мезгил өткөнүнө байланыштуу көкүрөктө бир суроо жылт этип келет. Ош трагедиясы ошол ыплас Конституцияны кынтыксыз өткөрүп алуу үчүн уюштурулган эмеспи деген...

--БШКнын жаңы кабыл алынган жоболору шайлоонун таза өтүшүнө, мыйзамсыздыктын азайышына шарт түзөбү?

--БШК кандай чечим кабыл албасын ал иштебейт. БШК мыйзамда "көз карандысыз" деп ташка тамга баскандай жазылып турса дагы, ал көз карандысыз орган эмес. Акыркы парламенттик шайлоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй БШК сотторго жана президенттик аппаратка көз каранды болуп калган. Бу сапар деле өз алдынча боло албай президенттик аппараттын талабын аткарат.

--Уран мырза, Премьер-министр Кубатбек Боронов абалдан чыгуу үчүн “шайлоого деген акчаңарды илдет менен күрөшүүгө бергиле” деди. Анын сунушун партиялар кабыл алабы?

--Премьер министрдин ал чакырыгы карышкырларга койлорду жегениңерди токтоткула деген эле шылдың кепке окшоп калды. Партиялардын акчаларын коюп пандемияга келген акчалардын дайынын таап алышсынчы. Канча акчаны ким жегенин жана кайда кеткенин ачык айтышсын. Канчалаган миллиондор келсе деле же илдет менен жөндөп күрөшө албай же ооруканалардын абалы жакшырбай келген каражаттардын дайыны чыкпай калды го...

Кыргыз жарааны катары бийликке бир кеңеш айтаар элем. Эгер  акыл-эстен тайбасаңар шайлоону токтоткула. Анткени, ушул шайлоо Жээнбековдун эмес, бүт бийлик бутактарынын чирип бүтүп системанын өлгөнүн тастыктаган "кара ашка" айланат. Кеңешти укпай, шайлоону өткөрөбүз дешсе колдоруна желек.  Бул дагы жакшы жышаан. Жаман айтпай жакшы жок деген кыргызымдын жакшы кеби бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости