www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү мекенине кайтууга жардам сурап жаткан сырттагы мигранттарына кайрылып, коронавирустун активдүү фазасы аяктаганча жолго чыкпай турууга чакырды. Бул тууралуу 8-апрелдеги басма сөз жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал өкмөт тышта жүргөн жарандарын алып келиш үчүн колдон келишинче аракет кылып жатканын айтты.

“Сырттагы жарандар боюнча кабарыбыз бар. Саны да бар. Мисалы, Түркияда, Дубайда, Орусияда биздин жарандар келебиз дегендер бар. Элчиликтер иштеп жатат. Бирок, өзүңөр жакшы билесиздер, бардык мамлекеттер сырттагы жарандарын коронавирустун активдүү фазасы бүткөнчө чыкпай, күтүп туруш керек деп кеңеш берип жатат. Биз да ошондой кеңеш беребиз, бирок кайсы бир жараныбыз келем десе, алып келүүгө сөзсүз аракет кылабыз”-деди Кубатбек Боронов.

Боронов кошумчалагандай, жалпысынан 20-марттан бери бүгүнкү күнгө чейин чет мамлекеттерден чартердик рейс менен 4769 кыргызстандык алынып келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости