www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулукка белгилүү болгондой эле, буга чейин социалдык тармактарда сүрөт жарыялоо боюнча ар кандай эстафеталар уюштурулуп келген.

Бул жолу эстафета оюнун Жогорку Кеңештин депуттары бири-бирине улантып ойной башташты.

Анда "Ат адамдын канаты" аттуу эстафета уюштурулуп, ага Жогорку Кеңештин бир канча депутаттары катышып жатышат.

Депутат Тазабек Икрамовго эстафетаны социалдык тармактын колдонуучусу Кубаныч Аманбеков жөнөткөн. Икрамов болсо депутат Төрөбай Зулпукаровго жөнөттү.

Ал эми Зулпукаров дагы өзүнүн ат минип түшкөнүн жарыялап, эстафетаны Канат Исаевге узатты.

Исаев эстафетаны кабыл алып, вице-спикер Мирлан Бакировго жөнөттү.

Азырынча Мирлан Бакиров сүрөтүн жарыялай элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости