www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчынын айтымында, коронавирус инфекциясынан каза болгондордун санын азайтуу аракети натыйжа берүүдө. Бирок ооруга кабылгандар боюнча ойдогудай статистика боло элек.

Өлкөдө эпидемиологиялык абал өткөн айга салыштырмалуу 60-70 пайызга турукташып калды, бирок аймактарда кырдаал дагы деле курч бойдон калууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, өкмөттүн жана дарыгерлердин коронавирус инфекциясынан каза болгондордун санын азайтуу аракети натыйжа берип жатат.

"Кечээ күнү бир эле киши каза болду. Бирок ооруну жуктургандар биз ойлогондой басаңдабай жатат. Ошол үчүн эпидемилогиялык абал жакшы деп айткандан алыспыз", — деди Боронов.

Ал жарандар азыр дагы санитардык жана гигиеналык эрежелерди сактоого тийиш экендигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости