www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоочулардын тизмесинен жеке маалыматты беш жол менен текшерүүгө мүмкүн экендигин Мамлекеттик каттоо кызматы айтып берди.

Маалыматка ылайык, ылайык, жарандар үчүн МККнын кызмат көрсөтүүлөрүнүн мобилдик тиркемесинде жаңы функция ишке кирди. Ал аркылуу кыргызстандыктар өздөрүнүн шайлоо участогунун номерин жана дарегин тактай алышат.

Тиркеме Android платформасындагы смартфондордун колдонуучуларына жеткиликтүү. Ал үчүн Play Market колдонмо дүкөндөрүнөн "МККнын кызмат көрсөтүүлөрү" тиркемесин көчүрүп, "УШКнын дарегин текшерүү" бөлүгүнө кирүү керек. Ал эми iOS ыкчам тутуму менен болгон телефондордун колдонуучулары үчүн тиркеме кийинчерээк жеткиликтүү болмокчу.

Жаран өзүн шайлоочулардын тизмесинен дагы кантип текшере алат?

шайлоо участогуна барып;

www.tizme.gov.kg порталынан;

119 номери аркылуу МККнын Сall-борборуна чалуу (акысыз);

119 номерине идентификациялык жеке номерди (ИЖН) көрсөтүп, СМС жөнөтүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости