www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн аймактарында медициналык каражаттар менен дары-дармектердин таңкыстыгы байкалууда тез арада алардын запасын даярдоону күчөтүү зарыл. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов тармактык мамлекеттик органдарга Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Учурда өлкөдө дары-дармектердин таңкыстыгы байкалууда. Буга байланыштуу буга чейин медициналык каражаттардын запасын камсыз кылуу боюнча берилген тапшырманы аткарууну күчөтүү зарыл. Аймактарда дагы дары-дармектердин запасы даяр турсун. Ошол эле учурда медициналык каражаттардын баасынын негизгиз жогорулашын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү шарт. Ооруканалардагы реанимациялык блоктор дагы даярдалсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынган мобилдик кычкылтек концентраторлорунун кийинки партиясы өлкө аймактарына бөлүштүрүлүп берилет», - деди Кубатбек Боронов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости