www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул туурпалуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«2017-жылы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун тушунда “Жаштар”, Фучик жана Кара-Жыгач парктарын оңдоп-түзөөгө жалпы 90 миллион сом бөлүнгөн. 2017-жылы 27-ноябрда Свердлов райондук админстрициясы менен жеке менчик ишканалардын бири 3 млн. сомдон ашык каражатка келишим түзөт. Андан кийин кошумча дагы 3 млн. сомдон ашык акчага келишим түзүлөт. Курулуштун баасы 652 миң сомго жогорулатылган жана ошол эле учурда 2 млн. сомдон ашык акчага гана жумуш жасалган», — деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

УКМК бул факт Жазык кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталганын кошумчалады.

УКМК 2020-жылы Бишкек шаарындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы аянты 11 гектарды түзгөн сейил багына 47 млн. сом сарпталганын белгилеп, ал эми 2017-жылы аянты 5 гектар “Жаштар” паркына 37 млн. сарпталганын белгилейт.

Белгилей кетсек, учурда Албек Ибраимов Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушундагы коррупцияга жана «Дастан» ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости