www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловдун жаназасы көрүстөндүн жанында аралыкты сактоо менен окулат. Бул тууралуу облус казысы Абдулазиз Закиров билдирди.

"Бүгүн, 11-июлда эртең менен Базар-Коргондо райондук штабда да аалымды жерге берүү боюнча маселе каралды. Райондогу «Ак-Тайлак» мечитинен, стадиондон узатуу боюнча варианттар айтылып, көрүстөндүн жанынан жаназасын окуу бүтүмүнө келишти.

Борбордо муфтийибиз өзү баш болуп жаназасы окулду. Ажынын атасынын, бир туугандарынын суранычы боюнча көрүстөндө да окулмай болуп жатат. Маркумга экинчи ирет жаназа оку дин тарыхында бар. Район-шаардагы имамдардан элдин келбей туруусун өтүнүп айттырып жатабыз. Элибиз да бүгүнкү абалды туура түшүнүп, туура кабылдайт деп ойлойм", - деп билдирди облус казысы.

Чубак ажы Жалилов 11-июлга караган түнү эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон.

Маалыматка ылайык, анын жаназасы туулуп-өскөн кичи мекени Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында окулат.

Эске сала кетсек, 45 жаштагы диний аалым бүгүн түндө Улуттук госпиталда үзүлгөн. Жакындары анын пневмонияга кабылып, абалы оорлошуп кеткенин айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости