www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусуда онлайн режиминде жыйын өткөрдү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө 2020-жылдын 29-мартына карата коронавирус инфекциясын 26 киши жуктурганы аныкталганы, аны менен кошо өлкөдө вирус менен алышканлардын жалпы саны 84 адамга жеткени тууралуу айтылган.

Тармактык министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери, облустук администрациялардын башчылары коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн берилген тапшырмаларды аткаруу боюнча жасалып жаткан иштер жана кабыл алынган чаралар жөнүндө маалымат беришти.

Биринчи вице-премьер-министр жер-жерлерде дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырмасын берди.

"Бишкекке кирип-чыккан унааларды хлор менен тиешелүү дезинфекциялоо иштерин жүргүзгүлө. Бишкектин периметри боюнча тийиштүү санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү зарыл. Мындай иштер кичи райондордо жана калктуу конуштарда дагы жасалышы керек. Ушундай эле иштер аймактарда дагы жүргүзүлүүгө тийиш. Бул азыр өтө маанилүү", - деди Кубатбек Боронов.

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министирлигинин жетекчилигинин уюштуруучулук, башкаруу иштеринин жетишсиздиги сынга алынды.

"Министрликтин жетекчилигинин уюштуруучулук ишинде кемчиликтерди көрүп турабыз, бул биз тараптан да, калктын да нааразычылыгын жаратпай койбойт. Кетирилген кемчиликтер четтетилет, дарыгерлердин керектөөлөрүн камсыздоо, өзгөчө абал режими учурунда унаа, уруксат маселелерине да тийиштүү. Алдыңкы катарда иштеп жаткан лаборанттар, вирусологдор, эпидемиологдор үчүн тоскоолдуксуз жана коопсуз иштөөнүн бардык шарттары түзүлөт. Калган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары бул жаатта жардам көрсөтүшөт", - деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле патрулдук милициянын ишмердүүлүгүн сындап, көчөлөрдө жарандардын жүрүүсүн максималдуу түрдө чектөө зарылдыгын баса көрсөттү.

Булак: \NazarNews.kg

 

Последние новости