www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурдагы кырдаалга байланыштуу “Исмаил Матраимов” атындагы кайрымдуулук фонду Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Шамалды-Сай шаарчаларына жана Аксы районуна караштуу айыл өкмөттөрүнө ун таркатып жатат. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине жеринен айылдык кеңештин депутаты Жылдызбек Жуманазаров билдирди.
“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой кырдаалга байланыштуу кечээ, “Исмаил Матримов” кайрымдуулук фонду тарабынан Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Шамалды-Сай шаарчаларына ун таркатылды. Андан сырткары Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар, Терс, Керез, Ак-Суу, Мөл-Булак айыл өкмөттөрүнө таркатылды. Бүгүн дагы Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Кашка-Суу айыл өкмөтүнө таркатылып атат. Эртең дагы калган айыл өкмөттөрүрө таркатылат. “Исмаил Матримов” кайрымдуулук фондуна терең ыраазычылык билдиребиз”,-деп билдирди айылдык кеңештин депутаты Жылдызбек Жуманазаров.
Эске сала кетсек, буга чейин дагы “Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду COVID-19 вирусун жоюуга каршы, коомчулукка, азык-түлүк, медициналык бет каптар, жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттерди беришкен. Ошондой эле, 21-марттан тарта 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миӊ даана бет кап өлкө аймагындагы вирус катталган аймактарга таратыла баштагандыгын коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg