www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа өзүнүн Твиттер баракчасына коронавирус тууралуу акыркы маалыматтары менен бөлүштү.
Türkiye'nin Günlük Koronavirüs Tablosu’nu, HER AKŞAM YENİLENEN VERİLERLE burada ve aşağıda paylaştığım linkte görebilirsiniz. Doğru ve detaylı bilgi bu iki kaynakta.
🔍 https://t.co/RVlhe7786O pic.twitter.com/dgCxPkSNMs
— Dr. Fahrettin Koca (@drfahrettinkoca) March 28, 2020
Ал Твитер баракчасына: "Түркияда жаңы типтеги коронавирустан (COVID-19) дагы 16 киши каза таап, жалпы каза болгондордун саны 108ге жогорулады. Ал эми коронавирус илдетин жуктургандардын жалпы саны 7 миң 402ге жетти»,-деп жазган Кожа.
Ага кошумча коронавирус инфекциясынан 70 адам айыгып чыкты деп кошумчалады.
Министрлик коронавирусту жугузуп алгандардын арасында полиция кызматкерлери, дарыгерлер жана футболисттер да бар экенин маалымдады.
Эске сала кетьсек, 27-мартта Түркия коронавирустун жайылышын чектөө максатында бардык эл аралык каттамдарын токтотту. Аймактар арасында автобус каттамдары жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
Түркияда өзгөчө кырдаал киргизилген эмес, бирок жашы 65 жаштан жогоруларга көчөгө чыгууга тыюу салынган.
Булак: NazarNews.kg