www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө аймактарындагы социалдык маанидеги объектилерди оңдоо жана курулушун камсыздоо – Өкмөттүн негизги милдеттеринен. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов социалдык объектилердин, жолдордун, ичүүчү тазуу суунун жана ирригация объектилеринин курулуш маселелери боюнча өткөн кеңешме билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочорав маалымдагандай, 2020-жылдын аягына чейин социалдык-маданий багыттагы 112 объекттин курулуш иши аяктайт. Анын 70 билим берүү, 17 саламаттык сактоо уюмдарынын мекемеси. 

Премьер-министр социалдык объектилерди белгиленген мөөнөттө колдонууга берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

«Өлкө аймактарындагы социалдык-маданий багыттагы объектилерди куруу иштерин план боюнча өз мөөнөтүндө аяктоо шарт. Ошол эле учурда алардын сапаттуу бүткөрүлүшүн катуу көзөмөлгө алгыла. Муну менен катар план боюнча 1-сентябрда 11 мектеп колдонууга берилүүгө тийиш. Социалдык объектилерди оңдоо жана курулушун камсыздоо Өкмөттүн бирден-бир милдеттеринен экенин эсиңерден чыгарбагыла», - деди Кубатбек Боронов.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, быйыл 79 айылга ичүүчү таза суу киргизилет. Учурда бул багыттагы иштер активдүү жүрүүдө. Мындан тышкары 4 ирригациялык объектининин курулушу аяктай. Алар: Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөң каналы, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Сарымсак каналы, Баткен облусундагы Р-4 вх каналы, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Молдо Нияз суу чарба пайдалануучулар ассоциациясынын каналы. Бул ирригациялык объектилердин курулушунун бүтүшү менен 2300 гектар  жаңы сугат жер өздөштүрүлөт. 

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун маалыматына ылайык, 2020-жылдын аягына чейин стратегиялык маанидеги жолдордун 92 чакырымы курулуп бүтөт. Ал эми район борборлорундагы жолдордун 165 чакырымына асфальт төшөлөт. 

Премьер-министр Кубатбек Боронов объектилерди курууда жана оңдоодо курулуш ченемдери менен эрежелерин аткаруу боюнча талаптарды көзөмөлдөө аркылуу иштин сапатына өзгөчө басым жасоо зарылдыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости