www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Ысык- Көл облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында «Таза суу» долбоору менен таанышкан учурда билдирди.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 7 миң киши жашаган Дархан айылындагы суу системасы 2003-жылы реабилитациядан өткөн. «Калктын саны өсүп жатканына байланыштуу кошумча суу түтүктөрүн тартылууда. Буга чейин суу булактан түз тартылып келген. Ал соолуп калгандыгына байланыштуу суу бургалоочу жай курулду. Ушул жылдын сентябрь айынын аягында бардык иштер толугу менен бүткөрүлөт», - деди Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Сайпидин Момунов.

Премьер-министр жылдын аягына чейин өлкө боюнча 79 айыл ичүүчү таза суу менен камсыз болорун белгиледи.

«Калктуу конуштарын таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул багытта бир топ чечкиндүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө» - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы «Таза суу» долбоору боюнча курулуп жаткан жана курула турган суу курулмаларынын сапатына көңүл буруу керектигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости