www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги белгилүү укук коргоочу, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун менен Өмүрбек Суваналиевдин билдирүүсүнүн алкагында баарлаштык.

-Турсунбек мырза, Өмүрбек Суваналиев криминалдын таасири күч экенин, алар өз кишилерин бийликчил делген партиялар менен  парламентке алып келе жатканын айтты. Ал айткан маалыматка ишенсек болобу?

-Дүйнөдө криминалы жок бир да өлкө жок. Мурдагы бийлик учурунда да, кээ бир партиялар аркылуу криминалдар парламентке келген мезгилдер болгон. Ал кезде Суваналиев Ички иштер министр болсо да конкреттүү чара көрө алган эмес. Ошондуктан бул маселени бүгүн көтөрүп, дың жерди бузгандай таасир калтырууга аракет кылганы орунсуз эле иш болуп калды. Маселен, мен "криминал бийликке таасир этип жатат" дегенине кошула албайм. Анткени, азыркы бийлик криминал менен аралашкан жок жана минтип күнөөлөөгө негиз да жок деп ойлойм. Кээ бир партиянын лидерлери, айрым таасирдүү талапкерлер криминалдар менен байланышып жатат деген  маалыматтар бар. Ошондуктан бийлик жана БШК бул багытта катуу иштеш керек.

-Суваналиев “бийликчил делген партиянын баарын криминал Камчы Көлбаев башкарат деди” го?

-Эми бул өтө олуттуу каралоо. Ушул билдирүүдөн кийин Суваналиев айткан бийликке ыктап жүргөн партиялардын жетекчилери тиешелүү жоопту берип, өз позициясын ачык айтышы керек. Антпесе, криминалдар менен кызматташат деген партиялар уят болуп, коомчулукта Суваналиев айткан сын чын сыяктуу кабыл алынып калат. Суваналиев бул сөзү менен ошол партияларга эле сөз тийгизбестен, Президентти да каралоого аракет кылды. Сыягы, бул жигитте мораль, уят деген жок калган окшойт. Болбосо мандатка жетиш үчүн мынчалык пастыкка барбайт эле. Асыл нерселерди тепселебейт эле.

-Эгер Өмүрбек Суваналиевдин койгон дооматы туура болсо, ал айткан маалыматтын баары чын болсо, неге Коопсуздук Кеңешинде иштеп турганда криминалга каршы күрөш жүргүзгөн эмес?

-Өмүрбек Суваналиевдин Коопсуздук кеңешинде орун басарлык кызматта  иштегенине бир жарым жылдын жүзү болуптур. Бүт маалыматтын баарын билгенден кийин чоң даражалуу кызматкер катары криминалга каршы күрөшүп, түрдүү демилгелер менен чыгышы керек эле. Анын мындай чечкиндүү аракетин Президент дагы колдомок. Эгер Суваналиевдин айтканы чын болсо, баарын билип туруп ушунча убакытка чейин жашырып отурушу да кечирилгис күнөө болот. Эгер ал чыныгы патриот адам болсо, криминалга каршы күрөшүп, өзүн көрсөтүшү керек болчу. Эгер анын криминал менен күрөшүнө бийлик же партиялар тоскоолдук кылса, ачык айтып, беттери ачыш керек  болчу. Ошондо аны эл колдоп, азыр жылдызы жанып турмак. Же анын криминалдарга каршы күрөшү колдоо таппаса, кандайдыр бир тоскоолдукка учураса, арыз жазып, ак үйдөгү кызматын таштап салып, басып кетиши керек эле. Ошондо чындап элдин колдоосуна ээ болмок. Анте албагандан кийин Суваналиевдин азыркы билдирүүсү шайлоо алдындагы пиар акциясы, элди ынандырмак турсун, бет тырмоочулукка окшоп калды. Анын бул кадамынан улам, кезинде Атамбаев деле бекер сындабаптыр деген ойго кептелип отурам.

-Ошондо Суваналиевдин билдирүүсү шайлоо алдында эптеп упай топтоо аракети болуп калдыбы?

-Суваналиевдин шайлоо алдындагы бул билдирүүсү аны эбак унутуп калган коомчулукка "Мен бармын" деген сөздү гана эскертип, буга чейинки ресурстарынын баары түгөнүп, эскирген плёнканы кайрадан коюп жаткандагы кербези. Ал ушундай аракети менен өлкөдөгү аң-сезимдүү, окумал, билимдүү, өз позициясы бар, башкаларды укпаган шайлоочулардын алдында абийирин төгүп алганын аңдаган жок. Өкүнүчтүүсү, анын буга чейинки жасаган жакшы иштери, кээ бир эрдиктери ушундай куру билдирүүдөн кийин биротоло унутулуп, элдин ага болгон урмат-сыйы жуулуп кетет. Ушуну ал түшүнбөй, кээ бирөө мактап койсо, 60ка чыгып калганын билбей дардаңдап жатат. Кайран гана буга корогон "Катани" деген ат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости