www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер Кубатбек Боронов 70 пайыз жарандар санитардык нормаларды сактабай жатканын айтты.

"Бүгүнкү күндө абал региондордо жакшы. Бишкек, Ош шаарларында, Чүй облусунда кооптуу болуп жатат. Мамлекет бүгүнкү күнгө чейин шарттардын баарын түздүк. Башында биз өзгөчө абал, өзгөчө кырдаалдарды киргизип, жаман абал түзүлбөш үчун шарт түзүлдү. Бул туура кадам болгон. Эл аралык атайын адистер ошону айтып чыгышты. Учурда баарын эле бекитип отурганга шарт жок. Элибиз иштеш керек. Санитардык талаптарды аткаруу шарт. 70 пайызы санитардык нормаларды аткарбай жатат. Дагы деле болсо элге жетпей жатат. Кээ бир жарандарыбыз коронавирус жок деп башкаларга да жарыялап жатат. Эл шарттарды сактаса мындан оңой эле чыгып кетебиз. Эң акыркы кадамыбыз кайра жабылуу болушу зарыл", - дейт Боронов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости