www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттөгү кара жумуштардын баарын жасаган киши – Кубатбек Боронов. Андыктан анын премьер-министрлик кызматка дайындалышы адилеттүүлүк. Мындай пикирин эл өкүлү Руслан Казакбаев бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн түзүмүн жана программасын аныктоо маселесин карап жатканда билдирди.  

“Менин жаңы өкмөт башчысына сунушум: пандемия маселесине өзгөчө көңүл буруп, ооруканаларда кошумча орундарды даярдоо, экинчиден азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана антикризистик программасын элдин талкуусуна коюп коюңуз. Күнүнө 20-30 киши илдетке чалдыгып жатканда карантин киргиздик эле, эми күнүнө 100дөн чыгууда. Койкаларды көбөйтүп, жакшы даярдык көрсөңүз”, - деди Казакбаев.

Ошондой эле ал парламенттик шайлоодо Кубатбек Боронов жана анын командасы негизги иштерди алып бара турганын айтып, ачык-айкын, калыс, адилеттүү өткөрүүнү уюштуруп берүүнү өтүндү. “Эгерде шайлоо таза өтпөсө коомчулук арасында саясий, руханий силкинүү күтүп турат”, - деди Казакбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости