www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чубак ажы шайлоого аттандыбы?

Кечээ, 16-июнда Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чыгуу үчүн арыз жазганын фейсбуктагы расмий баракчасына жазып чыкты.

Белгилей кетсек, буга чейин диний аалым Чубак ажы Жалилов буга чейин күзүндө өтчү парламенттик шайлоого катышар-катышпасын “убакыт көргөзөрүн” айткан эле.

Анын аалымдар Кеңешинен чыгышы, социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында күзүндө өтчү шайлоолорго катышууга ниеттенип жатабы деген суроолорду жаратты.

Анын бул ниетин Борбордук шайлоо комиссиясынан “Чубак ажы Жалилов шайлоолорго катыша албайт, себеби ал диний ишмер болуп саналат”, — деп билдиришкен.

Эгер Чубак ажы Жалилов арыз менен кайрылса дагы Конституцияга ылайык, анын каалоосу аткарылбайт.

Ал Аалымдар кеңешинин курамынан чыгышы менен, эми катардагы жаран катары шайлоого катышууга толук укуктуу. Бирок кайсы бир партия таасирдүү диний аалымды байрак кылып көтөрүп, шайлоого аттанышы “Конституциянын талаптарына туура келеби? Дин менен саясаттын түздөн-түз аралашуусу светтик мамлекеттин түзүлүшү жол береби?”,- деген суроолорду жаратат.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости