www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кыргызстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду. Бүгүн, 17-июнга карата эпидемиологиялык абал боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берип жатат.

«1984-жылы төрөлгөн бейтап каза болду. Маркум Бишкектеги базарда жашылча-жемиш сатчу. Бул жигит Жалал-Абад облусуна Бишкек шаарынан 11-июнда маркумду акыркы сапарга узатууга барып, ошол жактан оорунун белгилери чыгып, Жалал-Абад облусундагы ооруканага кайрылган.

Дарылоо башталып, бирок ден соолугу жакшырбай, реанимациялык шарттар да жасалган. Ага карабастан 16-июнда каза болду.

Маркумда Бишкекте жүргөндө эле оорунун белгилери бар болгон. Бирок дарыгерлерге дароо кайрылбай, өз алдынча антибиотик менен дарыланып, дене табын түшүрүүчү дарыларды ичип жүрө берген. Ошол бойдон Жалал-Абад облусуна кетип калган экен. Ал жактан абалы начарлаганда ооруканага барганга мажбур болгон. Эки тараптуу пневмония болуп, өтө күчөп кетип, дем алдыруучу аппараттарга да кошулган», - деди Н.Үсөнбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости