www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын түштүк аймагындагы жер титирөөдөн жабыркаган 610 турак жай таптакыр жараксыз болуп калганын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊеште билдирди. Министрдин айтымында, ушу тапта үй-жайсыз калган адамдар чатырларга жайгаштырылып, азык-түлүк жана курулуш материалдары менен өз баасында камсыз кылынууда.

«Андан сырткары, Дүйнөлүк банк менен бирге кырсык боло турган жерде жашаган адамдарды ыкчам кабардар кылуу боюнча 3 млн долларлык долбоор иштелип чыкты», - дейт министр Кубатбек Боронов.

Эскерте кетсек, комиссиянын жеринен текшерүү жыйынтыгында жер титирөөнүн кесепетинен 609 турак жай 4 категорияда, 9 үй 5 кактегорияда жабыркаган деп табылып, аларды бузуу керек деген чечим кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости